Кыргызстандын делегациясы БУУда өткөн токойлор боюнча форумга катышты

Кыргызстандын делегациясы 9-майда Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөн токойлор боюнча форумдун 19-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, форумда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кыргызстандын токойлору жөнүндө маселе көтөрдү. Анда ал Арсланбабдын уникалдуулугуна басым жасады.

Ошондой эле былтыр "Жашыл мурас" өнөктүгүнүн алкагында өлкөнүн бардык аймактарына жалпы 8 миллиондон ашуун көчөт отургузулганын жана жыл сайын 6 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары ал БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы Паула Нарваез жана БУУнун өкүлү Фатима Рабаб менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анын жүрүшүндө климаттык маселелер жана тоо күн тартиби талкууланганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан