Америкалык Global Finance журналы жакырчылыктын деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн 2024-жылга карата рейтингин жарыялады. Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) World Economic Outlook) маалыматтарынын негизинде каржы талдоочу Лука Вентура түзгөн рейтинг уникалдуу индекстөө системасын колдонот. Тизменин башында жакырчылыктын деңгээли жогору өлкөлөр, ал эми эң ылдыйда эң өнүккөн өлкөлөр турат.
"Калктын жан башына ИДПсы (ВВП) көбүнчө стандарттык көрсөткүч катары каралат, бирок сатып алуу жөндөмдүүлүгү паритетин (ППС) паритета покупательной способности) колдонуу менен жашоо наркынын жана инфляциянын темптеринин айырмасын компенсациялоо ар бир өлкөдө адамдын сатып алуу жөндөмүн жакшыраак баалай алат.
Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрү жарандык согуштардан, этникалык жана секталар аралык кагылышуулардан жапа чегүүдө. COVID-19, көтөрүлгөн инфляция жана Украинадагы согуш алардын оор абалын ого бетер начарлатты", - деп жазылат анда.
Төмөндө эң жакыр он өлкөнүн рейтинги келтирилген. Алгач 2024-жылга карата дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн тизмесинде онунчу сапты ээлегенден баштап, биринчи орунга чейин.
10. Йемен
35 миллионго жакын калкы бар. Араб жарым аралындагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгон бул өлкөдө 2014-жылдын аягынан бери Сауд Арабиясы колдогон өкмөт менен хусийлер козголоңчу кыймылынын ортосундагы бийлик үчүн күрөштүн натыйжасында кагылышуулар уланууда. Согуш 150 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, экономиканы кыйратып, маанилүү инфраструктураны талкалаган. Натыйжада бүгүнкү күндө бул мунайга бай өлкөдө калктын 80 пайыздан ашыгы жакырчылыкта жашайт.
Көпчүлүк серепчилер Йемендеги жарандык согушту чөлкөмдөгү элдешкис атаандаштар, исламдын шиит тобуна кирген хусийлерди колдогон Иран менен суннийлер үстөмдүк кылган Сауд Арабиясы кыйыр түрдө жүргүзүп жаткан согуштук жаңжал деп эсептешет. Саудия менен узун чек арасы бар Йемендин 60-65 пайызы суннитер, 35-40 пайызы шииттер.
Кошумча маалымат: Өздөрүн "Ансар Аллах" – "Алланын жоокерлери" деп да атаган хусийлер кыймылынын "хусий" аталышы 2004-жылы сентябрда йемендик өкмөттүк аскерлер тарабынан мерт кылынган бул кыймылдын ошол кездеги жол башчысы, өзүн имам деп жарыялаган Хусейн Бадруддин аль-Хусинин (1959-2004) ысымына байланыштуу. Хусейн аль-Хуси 1994-жылы "Алланын жоокерлери" деп аталган жоочулар тобун негиздеген.
2004-жылы аль-Хуси Йемендин өкмөтүн "АКШга сатылып кетти" деп айыптап, "көз карандысыз эмирлик түзүлдү" деп жарыялаган жана өлкөнүн түндүк тарабындагы тоо коюнунда коргонууга өткөн. Йемен бийликтери аны жарандык биримдикке жана ар кыл диний топтордун ынтымагына жик салды деп айыптап, 2004-жылы 18-июнда аны камакка алууга аракет жасаганда, өлкөдө жарандык согуш башталган. Ошол жылы 10-сентябрда ал өлтүрүлгөн менен, анын тарапташтары азыркыга чейин анын ысымындагы кыймылдын курамында борбордук бийликке каршы күрөш жүргүзүп келет.
2014–2015-жылдардагы саясий окуялардан кийин алар иш жүзүндө Йемендин түндүгү менен борборун көзөмөлдөп калышты. Йемендин бир кыйла бөлүгүн 2015-жылдан бери хусийлер негиздеген Ыңкылап кеңеши башкарып келет. Бул кеңештин президенти – Мухаммед Али аль-Хуси. Ал маркум Хусейн аль-Хусинин тууганы болуп саналат. Ыңкылап кеңешин жана анын президентин БУУ, АКШ жана башка көптөгөн өлкөлөр тааныган эмес.
Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция 2015-жылы Иран колдогон хусийлерге каршы күрөшүп жаткан өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүп, Йемендин аймагына басып кирген. Эл аралык коомчулук президент Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүн расмий таанып келет. 2022-жылдын 7-апрелинде Хади Президенттик Башкаруу Кеңешин түзөрүн жана өткөөл мезгилде мамлекетти башкаруу ыйгарым укуктарын ага өткөрүп бергенин жарыялаган. Кеңештин башчысы болуп Ришад Мохаммед аль-Алими дайындалган.
9. Мадагаскар
1960-жылы Франциядан эгемендүүлүк алгандан бери Мадагаскар саясий туруксуздукту, күч менен төңкөрүштөрдү жана талаштуу шайлоолорду башынан өткөрдү. 2019-жылы шайланган президент Андри Ражоэлина бийликке келип, коррупция менен күрөшүүгө, жакырчылыкты кыскартууга жана экономиканы өнүктүрүүгө убада берген. Бирок алар жөн гана убадалар болуп чыкты. Мадагаскар дагы эле дүйнөдөгү эң жогорку жакырчылыктын 75 пайыз деңгээлинде турат, өсүш солгун жана инфляция дээрлик 8 пайызды түзөт. Ошентсе да, Ражоэлина 2023-жылы декабрда кайра шайланган.
Өлкө болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ковид-19 пандемиясынын экономикалык жана социалдык кесепеттери менен катар, 2022-жылы орус-украин жаңжалынан башталгандан кийин Украинадан эгин жеткирүү токтоп, азык-түлүктүн баасы асмандап, аралдын тургундарынын азап-кайгысын арттырды. Кошумчалай кетсек, Мадагаскар кургакчылык, суу ташкындары жана циклондор менен адамдардын өлүмүнө жана калктын көчүп кетишине, үйлөргө, инфраструктураларга жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген климаттык коркунучтарга эң аярлуу 10 өлкөнүн катарына кирет.
8. Либерия
Африкадагы байыркы өлкөлөрдүн бири болгон Либерия көп жылдардан бери дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Мурдагы футбол жылдызы Жорж Веа 2018-жылы президент болгондон кийин жарандардын үмүтү чоң болгон. Бирок анын бийликте турган жылдары тескерисинче инфляциянын жогорку деңгээли, жумушсуздук жана терс экономикалык өсүш менен коштолуп, 2023-жылы шайлоодо оппозиция лидери жана мурдагы вице-президент Жозеф Боакаи’ден жеңилип калган.
7. Малави
Африканын эң кичинекей мамлекеттеринин бири болгон Малавинин экономикасы дан өсүмдүктөрүнө көз каранды. Эгиндин өсүүсү жамгырдан көз каранды болгондуктан айыл жерлеринде азык-түлүк татыштыгы өтө жогору.
Малави 1964-жылы Британиядан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери туруктуу өкмөткө ээ. Бирок 2020-жылы конституциялык сот мурдагы президент Питер Мутариканын жалпы шайлоодогу жеңишин добуштарды бурмалаган деген жүйө менен жокко чыгарган. Анын ордуна ант берген теолог жана саясатчы Лазарус Чаквера ар бир адамды гүлдөткөн лидерликти камсыз кылууну кааларын билдирди, бирок структуралык өзгөрүүлөр жай ишке ашкан жок. Бүгүнкү күндө Малави күйүүчү майдын тартыштыгына, азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө жана валютанын кескин девальвациясына алып келген экономикалык кризис менен күрөшүп жатат. 2023-жылы, Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, калктын 70% ашууну эл аралык
Малави 1964-жылы Британиядан көз карандысыздык алгандан бери туруктуу өкмөткө ээ. Бирок 2020-жылы Конституциялык сот мурдагы президент Питер Мутарика’нын шайлоодогу жеңишин добуштарды бурмалаган деген жүйө менен жокко чыгарган. Анын ордуна президенттик кызматка барган теолог жана саясатчы Лазарус Чаквера гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууну убадалаган, бирок структуралык өзгөрүүлөр жай ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө Малави күйүүчү майдын тартыштыгына, азык-түлүктүн кымбатташына жана валютанын кескин девальвациясына алып келген экономикалык кризис менен күрөшүп жатат. Дүйнөлүк банк 2023-жылы калктын 70 пайыздан ашыгы эл аралык жакырчылыктын чегинде жашайт деп эсептейт.
6. Нигер
Өлкөнүн аймагынын 80 пайыздан ашыгы Сахара чөлүндө жайгашкан, калган бөлүгүн кургакчылык жана мүмкүн болгон массалык ачарчылык менен чөлгө айландыруу коркунучу дайыма астында турган Сахель жарым чөлү ээлейт. Азык-түлүк коопсуздугу, оорулардын жана өлүмдүн деңгээли жогору. Армиянын "Ислам мамлекети" (ИГИЛ) менен байланышы болгон "Боко Харам" менен кайра-кайра кагылышууларынан миңдеген адамдар жер которгон.
2021-жылы Нигерде президенттик экс-мугалим жана мурдагы ички иштер министри Мохамед Базоум’га биринчи жолу демократиялык жол менен өткөрүлүп берилген. Экономика 2022-жылы 12 пайызга өскөндүктөн, баары жакшырып бараткандай көрүнгөн. Бирок 2023-жылдын жай айларында Базоум бийликтен кулатылып, ал президенттик гвардиянын мүчөлөрү тарабынан камалган. Ошондон бери аскердик хунта бийликте кала берди.
Кошумча маалымат:
Аскердик диктатура – башкаруунун бир түрү, мында бардык бийлик аскерлер тарабынан кармалат. Эреже катары, мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликти басып алат же согуштун башталышынан улам аскердик диктатордун дайындалышы менен киргизилет.
Нигер кризиси - 2023-жылы июлда Нигерде болгон аскердик төңкөрүш жана анын кесепеттери менен байланышкан окуялардын шарттуу аталышы. 2023-жылдын 26-июлунда Нигердин президенттик гвардиясы мамлекеттин президенти Мохамед Базумду кармап, президенттик гвардиянын командачысы генерал Абдурахман Тчиани өзүн өткөөл өкмөттүн лидери деп жарыялаган. Буга жооп кылып 30-июлда Батыш Африка мамлекеттеринин Экономикалык Коомчулугу (ECOWAS) Нигердин төңкөрүш лидерлерине бийликти Базоумга кайтаруу үчүн бир жумалык убакыт берип, болбосо эл аралык санкцияларга жана күч колдонууга дуушар болорун билдирген. Бул мөөнөт 2023-жылдын 6-августунда аяктаган. ECOWAS мурда 2016-2017-жылдардагы конституциялык кризисти чечүү үчүн Гамбияга кийлигишкен.
5. Мозамбик
Ресурстарга бай жана стратегиялык аймакта жайгашкан бул мурдагы Португалиянын колониясы акыркы он жылда ИДПнын орточо өсүш темпин 7 пайыздан ашкан. Анткен менен ал дагы деле дүйнөдөгү эң жакыр он өлкөнүн катарына кирүүдө. Ага катаал климаттык шарттар жана саясий туруксуздук негизги себептердин бири болуп саналат. Андан да жаманы, 2017-жылдан бери исламчыл козголоңчу топтор тарабынан жасалган чабуулдар өлкөнүн газга бай түндүк бөлүгүн каптап келет. Ошентсе да ЭВФтин маалыматы боюнча, экономика өнүгүүсүн улантууда: ал 2024 жана 2025-жылдары болжол менен 5 пайыз өсөт жана он жылдыктын экинчи жарымында эки эсеге өсөрү болжолдонууда.
4. Конго Демократиялык Республикасы
1960-жылы Бельгиядан эгемендүүлүк алгандан бери, Конго ондогон жылдар бою ырайымсыз диктатурадан, саясий туруксуздуктан жапа чегип, дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн рейтингинин туруктуу мүчөсү болуп келет. Өлкөнүн болжол менен 100 миллион калкынын 65 пайызы күнүнө 2,15 доллардан аз киреше табат. Бирок Дүйнөлүк банктын айтымында, Конго Африканын эң бай өлкөлөрүнүн бири жана бүт континент үчүн өсүштүн драйвери болуу үчүн ресурстары жана потенциалы бар. Өлкө буга чейин кобальттын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү жана электромобилдерди жасоо үчүн зарыл болгон жездин Африкадагы алдыңкы булагы.
3. Борбордук Африка Республикасы (ЦАР)
Алтынга, мунайга, уранга жана алмазга бай Борбордук Африка Республикасы өтө кедей адамдар жашаган абдан бай өлкө жана он жылдан бери эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. 1960-жылы Франциядан эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу, 2016-жылы Борбордук Африка Республикасы демократиялык жол менен президентти шайлаган .Анда тактыга мурдагы математика профессору жана премьер-министр, мусулман азчылыгы менен көпчүлүк христиандардын ортосунда тынчтык орнотууга жетишкен Фаустин Арчанж Туадера келген.
Бирок анын ийгиликтүү шайлануусу улуттук калыбына келтирүүнүн маанилүү кадамы катары каралып жатканы менен өлкөнүн көп бөлүгү өкмөткө каршы топтордун жана элдик кошуундардын көзөмөлүндө калууда. Көйгөйлөргө жана артта калууларга карабастан, акыркы жылдары экономикалык өсүш бир аз алдыга жылды, ага жыгач өнөр жайы, айыл чарба секторунун жанданышы жана алмаз сатуунун жарым-жартылай кайра жанданышы себеп болду.
2. Бурунди
Деңизге чыга албаган кичинекей Бурундиде жаратылыш ресурстары жок жана 1993-жылдан 2005-жылга чейин созулган жарандык согуштун кесепетинен жабыркап келген. Анын кесепеттери дагы эле анын дүйнөдөгү эң жакыр экинчи өлкө катары орун алышына көмөкчү фактор болуп саналат. Бурундидеги болжол менен 13 миллион жарандын 80 пайызга жакыны айыл чарбасына таянгандыктан, азык-түлүк коопсуздугу Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндөгү орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе жогору. Андан тышкары сууга жана канализацияга жеткиликтүүлүк өтө төмөн бойдон калууда жана калктын 5 пайыздан азына гана электр жарыгы жеткиликтүү. Президент Эваристе Ндайишимие экономиканы көтөрүүгө жана дипломатиялык мамилелерди оңдоо аракетин жасоодо. 2022-жылы АКШ менен Европа Биримдиги каржылык санкцияларды алып салгандан кийин жардамды кайра баштады. Өсүш болуп жатканына карабай инфляция быйыл 22 пайыздын тегерегинде болот деп болжолдонууда.
1. Түштүк Судан
Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн эң жардысы болгон Түштүк Судан 2011-жылы Судандан бөлүнгөндөн бери каатчылыкка кабылды. Мунай запастарына бай, деңизге чыга албаган 15 миллионго жакын калку бар мамлекетте социалдык бөлүнүүлөр, теңсиздик, коррупция күч алган. Согуш жана экстремалдык климаттык окуялар дыйкандарга эгин эгүүгө же жыйноо иштерине тоскоол болгону менен калктын басымдуу бөлүгү айыл чарба менен алектенет. Быйыл Түштүк Судандын калкынын 60 пайызын түзгөн болжолдуу 9 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болот.
Рейтингде Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан канчанчы орунда экенин бул жерден көрө аласыз.
Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрү - 2024
Өлкө | ИДП-СЖП (ППС) жан башына ($) | |
1 | Түштүк Судан | 455 |
2 | Бурунди | 916 |
3 | Борбордук Африка Республикасы | 1,123 |
4 | Конго Демократиялык Республикасы | 1,552 |
5 | Мозамбик | 1,649 |
6 | Нигер | 1,675 |
7 | Малави | 1,712 |
8 | Либерия | 1,882 |
9 | Мадагаскар | 1,979 |
10 | Йемен | 1,996 |
11 | Сомалия | 2,062 |
12 | Сьерра-Леоне | 2,189 |
13 | Чад | 2,620 |
14 | Соломон Аралдары | 2,713 |
15 | Мали | 2,714 |
16 | Буркина Фасо | 2,781 |
17 | Того | 2,911 |
18 | Вануату | 2,939 |
19 | Зимбабве | 2,975 |
20 | Гамбия | 2,993 |
21 | Гаити | 3,108 |
22 | Лесото | 3,227 |
23 | Гвинея-Бисау | 3,239 |
24 | Уганда | 3,345 |
25 | Гинея | 3,366 |
26 | Руанда | 3,367 |
27 | Судан | 3,443 |
28 | Комор аралдары | 3,532 |
29 | Папуа Жаңы Гвинея | 3,534 |
30 | Кирибати | 3,614 |
31 | Танзания | 3,746 |
32 | Тимор-Лесте | 3,767 |
33 | Эфиопия | 4,020 |
34 | Сан-Томе жана Принсипи | 4,238 |
35 | Замбия | 4,361 |
36 | Бенин | 4,558 |
37 | Сенегал | 4,661 |
38 | Микронезия | 4,691 |
39 | Конго Республикасы | 4,740 |
40 | Камерун | 4,842 |
41 | Непал | 5,032 |
42 | Мьянма | 5,203 |
43 | Тажикстан | 5,832 |
44 | Тувалу | 6,056 |
45 | Маршал аралдары | 6,313 |
46 | Нигерия | 6,340 |
47 | Самоа | 6,721 |
48 | Кыргыз Республикасы | 6,790 |
49 | Пил тиши жээги | 6,860 |
50 | Пакистан | 6,955 |
51 | Кения | 6,976 |
52 | Ангола | 7,153 |
53 | Гана | 7,156 |
54 | Тонга | 7,462 |
55 | Гондурас | 7,503 |
56 | Мавритания | 7,680 |
57 | Жибути | 7,707 |
58 | Никарагуа | 8,137 |
59 | Камбожа | 8,287 |
60 | Венесуэла | 8,486 |
61 | Бангладеш | 9,416 |
62 | Индия | 10,123 |
63 | Лаос ПДР | 10,242 |
64 | Кабо Верде | 10,304 |
65 | Боливия | 10,693 |
66 | Науру | 10,823 |
67 | Өзбекстан | 10,936 |
68 | Марокко | 10,947 |
69 | Гватемала | 11,006 |
70 | Белиз | 11,320 |
71 | Ирак | 11,937 |
72 | Намбия | 12,008 |
73 | Филиппиндер | 12,192 |
74 | Иордания | 12,402 |
75 | Сальвадор | 12,561 |
76 | Eswatini | 12,637 |
77 | Ямайка | 13,543 |
78 | Тунис | 13,645 |
79 | Эквадор | 14,485 |
80 | Доминика | 15,280 |
81 | Украина | 15,464 |
82 | Вьетнам | 15,470 |
83 | Бутан | 15,978 |
84 | Парагвай | 16,291 |
85 | Түштүк Африка | 16,424 |
86 | Алжир | 16,483 |
87 | Монголия | 16,504 |
88 | Перу | 16,631 |
89 | Косово | 16,775 |
90 | Индонезия | 16,861 |
91 | Палау | 17,381 |
92 | Фижи | 17,403 |
93 | Мысыр | 17,614 |
94 | Молдова | 17,902 |
95 | Экватордук Гвинея | 18,378 |
96 | Суринам | 18,928 |
97 | Сент-Винсент жана Гренадин аралдары | 19,196 |
98 | Азербайжан | 19,328 |
99 | Габон | 19,452 |
100 | Сент-Люсия | 19,718 |
101 | Түркмөнстан | 19,729 |
102 | Колумбия | 19,770 |
104 | Ботсвана | 20,097 |
105 | Барбадос | 20,592 |
105 | Босния жана Герцеговина | 20,623 |
106 | Албания | 20,632 |
107 | Бразилия | 20,809 |
108 | Иран Ислам Республикасы | 21,220 |
109 | Армения | 21,746 |
110 | Гренада | 21,799 |
111 | Түндүк Македония | 22,249 |
112 | Тайланд | 23,401 |
113 | Кытай | 25,015 |
114 | Грузия | 25,248 |
115 | Беларус | 25,685 |
116 | Мексика | 25,963 |
117 | Аргентина | 26,390 |
118 | Ливия | 26,456 |
119 | Доминика республикасы | 27,120 |
120 | Антигуа жана Барбуда | 27,309 |
121 | Сербия | 27,985 |
122 | Коста Рика | 28,558 |
123 | Монтенегро | 29,696 |
124 | Уругвай | 30,170 |
125 | Чили | 31 005 |
126 | Маврикий | 32,094 |
127 | Тринидад жана Тобаго | 32,685 |
128 | Казакстан | 34,534 |
129 | Болгария | 35,963 |
130 | Малдивдер | 37,433 |
131 | Орусия | 38,292 |
132 | Сент-Китс жана Невис | 38,870 |
133 | Малайзия | 39,030 |
134 | Оман | 39,859 |
135 | Греция | 41,188 |
136 | Латвия | 41,730 |
137 | Сейшел аралдары | 43,151 |
138 | Румыния | 43,179 |
139 | Пуэрто Рико | 43,219 |
140 | Tүркия | 43,921 |
141 | Словакия Республикасы | 44,081 |
142 | Панама | 44,797 |
143 | Эстония | 45,122 |
144 | Венгрия | 45,692 |
145 | Хорватия | 45,702 |
146 | Багам аралдары | 46,524 |
147 | Португалия | 47,070 |
148 | Польша | 49,060 |
149 | Чех Республикасы | 50,475 |
150 | Литва | 50,600 |
151 | Испания | 52,012 |
152 | Кувейт | 52,274 |
153 | Словения | 53,287 |
154 | Жаңы Зеландия | 53,797 |
155 | Жапония | 54,184 |
156 | Аруба | 54,716 |
157 | Израиль | 55,533 |
158 | Италия | 56,905 |
159 | Кипр | 58,733 |
160 | Бириккен королдук | 58,880 |
161 | Корея | 59,330 |
162 | Франция | 60,339 |
163 | Канада | 60,495 |
164 | Финляндия | 60,851 |
165 | Бахрейн | 62,671 |
166 | Австралия | 66,627 |
167 | Германия | 67,245 |
168 | Малта | 67,682 |
169 | Белгия | 68,079 |
170 | Андора | 69,146 |
171 | Швеция | 69,177 |
172 | Австрия | 69,460 |
173 | Сауд Арабиясы | 70,333 |
174 | Исландия | 73,784 |
175 | Голландия | 74,158 |
176 | Гонконг SAR | 75,128 |
177 | Тайвань | 76,858 |
178 | Бруней Даруссалам | 77,534 |
179 | Дания | 77,641 |
180 | Гайана | 80,137 |
181 | Норвегия | 82,832 |
182 | Америка Кошмо Штаттары | 85,373 |
183 | Сан Марино | 86,989 |
184 | Швейцария | 91,932 |
185 | Бириккен Араб Эмираттары | 96,846 |
186 | Катар | 112,283 |
187 | Сингапур | 133,737 |
188 | Ирландия | 133,895 |
189 | Макао SAR | 134,141 |
190 | Люксембург | 143,743 |