Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Там айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо аталган айылдын Мамбетов көчөсүндө орун алган. Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 68 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кетти.
Баштыга жараша, өрттөн жабыркагандар катталган эмес, бирок материалдык чыгым келтирилгени кошумчаланды.
Учурда чыккан өрттүн себебин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.