Токмок шаарындагы мал базардан мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-майда милицияга З.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 5-май күнү саат 19:30 чамасында "Мүрөк" мал базарынан 2 баш букасын уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 2051-беренесинин (мал уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери видеокамералардын жардамы менен кылмышка шектүү делген 1995-жылы туулган Р.Г. жана 1996-жылы туулган Б.Ны кармашкан. Алар мал базардан 3 баш бука уурдаганы аныкталган. Мындан улам үчүнчү буканы уурдоо фактысы да каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, табылган малдар ээлерине өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.