Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-апрелде милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин уюштуруучусу 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 1-мартына чейин Кытайдан унаа алып келип берем деген убада менен анын ишенимине кирип, 332 миң 500 долларын алып, бирок убадасына турбай из жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган О.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.