Өлкөдө жумуртканын импортуна тыюу салуу сунушталууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жумуртка импортуна убактылуу тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлик тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Жергиликтүү ишкерлердин кайрылуусунан кийин ушундай чечим кабыл алуу каралган. Максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааны турукташтыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо экени айтылган.
Ишкерлер ички муктаждыкты толук камсыздай ала тургандарын билдиришкен.
"Өлкөдө ири жана үй-бүлөлүк майда чарбаларда жумуртка өндүрүлөт. Бул сектор өлкөнүн айыл чарбасынын олуттуу үлүшүн түзүп, көптөгөн айыл тургундары үчүн кирешенин маанилүү булагы болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Акыркы эки жылда канаттуулар чарбачылыгы кеңейип, жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсеге өскөнү кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан