Кызыл-Кыяда интимдик кызмат көрсөтүүгө шектелип эки аял кармалды

Кызыл-Кыя шаарында интимдик кызмат көрсөтүүгө шектелип, эки аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-майда Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т.(аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н.(аял киши) иш үстүндө кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айталат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан