Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-майда саат 10:00 чамасында милицияга Кулиев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен 35-40 жаштагы адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн табышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.