Жалал-Абадда 1994-жылы Кадыржан Батыровго өтүп кеткен базар мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад шаарында баасы 412 миллион 111 миң сомду түзгөн "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган базар жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын администрациясынын буйругу менен 1994-жылы "Дустлик" ААК менен аффилирленген жеке компанияга өтүп кеткен. Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85 пайызы өлкөдөгү өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровго таандык болгон. Бирок Жер кодексинин 1994-жылдагы редакциясы боюнча мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүү укугуна шаардык администрация эмес, шаардык кеңеш ээ болгон.

"Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Кадыржан Батыровго мыйзамсыз сатылып кеткен. Ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу М.А. жана Р.Ш. (батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Бул боюнча кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер далилдеп турат. Аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан "Шабдалы-Зар" соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан