23-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -14°C
Талас облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -13°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн 12°C
Баткен облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -12°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -24°C
Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -12°C
Эскертүү! 22-23-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 км, 198-265 км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 км, 145-150 км), Каракол-Эңилчек (45-90км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 км) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.