Дипломат күйөөсү тарабынан сабалганын айтып чыккан Карина Мамаштын иши боюнча милиция үн катты 

Дипломат күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыккан Карина Мамаштын иши боюнча Астана полициясы комментарий берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

"Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар ачыкталбайт", - деп билдиришкен Астананын полиция кызматынан.

Ошондой эле Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да бул окуяга реакция кылып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн айткан.

"Биз Казакстанга бул кызматкерди тезинен чакырып жатабыз. Андан ары анын ишин укук коргоо органдары жүргүзөт", - деген Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) элчилигинин кеңешчиси Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаш күйөөсү 10 жылдан бери тынымсыз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтып чыккан.

Ал 5-майда күйөөсү үйүнө келген жубайынын эжесине да кордук көрсөткөндөн кийин бардыгын коомчулукка чыгарууга мажбур болгонун билдирген.

Маалыматта Карина Мамаш эжеси жана балдары менен Казакстанга кайтып келгени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан