Ош шаарындагы батирлердин биринде интим кызматын көрсөтүп келген деген шек менен 6 кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалымат ылайык, милиция кызматкерлери интернет аркылуу кардар эркектерди эс алууга чакырган даректи аныкташкан. Ал даректен интим кызматын көрсөтүп келген 6 кыз табылып, алар батирди апрель айында алышып, интернет аркылуу кардарларды чакыра башташканы белгилүү болгон.
Ал эми сойкулук жасоо үчүн бул көмүскө жайды Аксы районунун 2001-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну уюштурганы жана ал Ош шаарынын, Оштун жана Жалал-Абаддын жашоочуларынан турган топту түзгөндүгү аныкталган.
"Ж.А.нын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Калган 5 кыздын үстүнөн профилактикалык иш чаралар жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.