"Көңүл айныткан жыт, сыры кеткен пол". Бишкектин базарларындагы дааратканалардын абалы (сүрөт)

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурмандар кайрылып, калаадагы айрым базарлардагы дааратканалардын санитардык нормаларды сактабаганына нааразы болушат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкектин базарларындагы ажатканаларга мүнөздүү көрүнүштү сүрөттөгөнгө аракет кылды.

"Дордой" базарындагы даараткана кийим-кече саткан 8-өтмөктө жайгашкан. Ажатканадан чыккан жыт адамдын көңүлүн айнытарын көп жылдан бери бул базарга каттаган кардарлар айтып беришти. "Жанындагы сатуучулар көнүп калса керек, күн ысыганда жанынан өтсөң сасыйт" дейт алар. Ажатканага кирүү баасы 10 сом, ичинде даарат кагазы бар.

Бул "Ош базарындагы" "Кыял" соода борборунун жер төлөөсүндө жайгашкан ажаткана. Ичин дайыма жууп, арчалап турушат. Кирүү баасы 10 сом.

"Ош базарынын" Павлов көчөсүндө жайгашкан даараткана. Ага жанаша тез татым жайы орун алган. Ал эми бир жагында самса жана шишкебек жасап сатышат. Сатуучулардан сураганыбызда, алар "ажатканадан эч кандай жыт чыкпайт, санитардык талаптарга жооп берет" деп ишендиришти. Ажатканага кирүү баасы 10 сом.

"Орто-Сай" базарындагы ажаткана. Кирүү баасы 2 сом. Ичинде муздак, ысык суусу бар.

"Орто-Сай" базарындагы дагы бир даараткана. Кирүү баасы 10 сом, бирок ичинде ысык суусу жок. Ажаткана эски болгону менен күндө жууп-тазалап турганы көрүнүп турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан