"Университеттен айдалбайсың". Түркияда билим алып жаткан Айкан түрк университеттериндеги өзгөчөлүктөрдү айтып берди

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу Түркияда окуп жаткан Айкан Бакытбек кызы болмокчу.

Ал 2003-жылы Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында төрөлгөн. Учурда Түркиянын Ыспарта деген шаарында бизнес башкаруу жана маркетология тармагында билим алып жатат. Ал эми биз чет өлкөдө билим алып жаткан Айкандын окуусуна, жашоосуна кызыгып маектешип көрдүк...

- Эң алгач өзүң жөнүндө айтып берсең, мектепти кайсыл жактан бүттүң эле?

- Мен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында төрөлгөм. Мектепти Баткен облусу боюнча эң мыкты мектептердин бири Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде окуп, 2020-жылы аяктадым.

- Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөгө окуп келүү кыялыңда бар беле?

- Албетте, мектепте окуп жүргөндө эле чет тилдерин үйрөнүүгө, чет өлкөдө окууга ынтызар болчумун. Чет тилдерин мектепте окуп жүргөндө үйрөнө баштагам, 6-класстан баштап корей тили курсуна барып, 3 жыл корей тилин үйрөндүм. Ошол убакта түрк, англис тилдерин кошо үйрөнүп жүрчүмүн. Ошону менен эле бирге 11-классты бүткөндө Кореяга же Түркияга акысыз окууга тапшырам деген планым бар болчу.

- Эми ал жактагы окууң тууралуу, кантип окуп калдың эле ошолор жөнүндө айтып өтсөң...

- Түркияда толук 100 пайыз бюджеттик негизде окуп жатам. Айына 110 доллар стипендия дагы алам. Түркиядагы “Türkiye bursları” деген программаны жеңип алгам, бул программа Түркия мамлекети тарабынан жана дүйнөдөгү бир канча мамлекеттердин, фонддордун колдоосу менен 2011-жылы түзүлгөн. Учурда бюджеттик негизде дүйнөнүн 198 мамлекетинен студенттер келип, билим алышат.

А өзүм болсо бул программа тууралуу 10-класста билип, 11-классты бүткөндө тапшырып көрүүнү чечкем. Программанын 2 турунан тең ийгиликтүү өтүп, Түркиядагы Süleyman Demirel университетинин, Бизнес-башкаруу бөлүмүндө окуудамын. Быйыл 2-курсту аяктадым. Бул кесип суроо талапка ээ болгондуктан окууну аяктагандан кийин банктарда, бухгалтерияда жана түрдүү компанияларда иштөө мүмкүнчүлүгү бар.

- Эң сонун. Айта кетсең, ал жактагы билим алуунун өзгөчөлүктөрү кандай экен. Мисалы: Кыргызстанда дагы ушундай болсо деген нерселер бар бекен?

- Ооба, өзгөчөлүктөрү көп эле. Алардын бири экзаменден өтө албай калган сабагыңды университетти бүткөнгө чейин кайра-кайра тапшырып, качан өтүп кеткенге чейин экзаменге кире аласың. Университеттен айдалып кетүү деген нерсе жок, бул системаны бизге дагы киргизсе сонун болмок. Анан дагы бул жакта коррупция деген такыр жок, университеттеги мугалимдер сени тааныбайт, студенттик номерге карап гана экзаменде баа беришет. Дагы бир өзгөчөлүгү университетте 30 пайыз сабактарды студент өзү тандайт. Бул абдан ыңгайлуу, анткени мен өзүмө жаккан сабактарды тандап, окуй алам.

Билим системасы сапаттуу жана диплом Эл аралык болуп эсептелинет. Көптөгөн мамлекеттерде кеңири иштөөгө мүмкүнчүлүк бар. Түркияда студенттерге шарттар абдан мыкты түзүлгөн. Университеттин ичинде эле жатакана, жатаканада эки маал ысык тамак, спорт зал, бассейн, ар түрдүү курстар, клубтар, экскурсиялар ошондой эле Европада бир семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгү дагы бар. Түркияга жалаң окуйм дегендер келүүсү кажет, ал эми шарттарды мамлекет түзүп койгон.

- Бул жылкы окуу жылын аяктоо алдында турабыз, мектепти бүтүп жаткан окуучуларга, сен сыяктуу чет өлкөдө окугусу келгендерге кеп-кеңештериң. Түркияда окуу үчүн эмне кылуу керек, кантип даярданса болот. Кененирээк маалымат берип өтсөң аларга...

- Окуучуларга жана мектепти бүтүп жаткандарга чет тилдерин айрыкча англис тилин жана математиканы башкача айтканда так илимдерди жакшы окугула демекмин. Англис тили аркылуу силер максатыңарга оңой жетесиңер. Ошондой эле Жогорку Республикалык тестирлөөгө эле карап калбай, чет өлкөдө окуунун жолдорун караштырып, изилдеп көрүш керек. Ал эми Түркияда акысыз окууну каалагандар, ютубка “Түркие бурслары” деп жазып, ал жактан көп маалымат алсаңар болот, же менин инстаграм баракчама суроолоруңар болсо жаза аласыңар.

- Билим алууну көздөп жүргөн кыз сөзсүз түрдө көп китептирди окуса керек, кандай китептерди окуйсуң?

- Албетте, китеп окуганды жакшы көрөм. Мектеп учурунда жалаң кыргыздын адабий чыгармаларын окудум. Учурда жеке өзүмдү таануу максатында диний, психологиялык жана дисциплина боюнча китептерди окуп жатам.

- Түркияда окуудан башка дагы эмне менен алексиң? Түркиянын сени суктандырган жерлери менен бөлүшүп өтсөң.

- Окуудан тышкары онлайн инстаграмдан блог жүргүзөм, билген нерселеримди менден кичине сиңди-инилериме бөлүшүп келем.

Мен саякаттаганды жакшы көргөндүктөн, Түркияга келгенден бери көп шаарларын, белгилүү жерлерин кыдырдым. Тарыхый жерлерди көрүп, ал жакка саякаттаган жагат. Мени суктандырган жерлер: Осмон империясынан калган сарайлар, мечиттер болду. Жайында деңиз жээгинде эс алуу үчүн Мармарис, Аланьяны тандайм.

- Ал жакта көп убакыттан бери экенсиң, Түркиянын эли жөнүндө дагы айта кетсең сени таасирлеткен адамдар болдубу?

- Түрк элин сырттан карап эле көп сын айткан адамдар бар. Албетте, ар кандай адамдар болот. Бирок сен кандай болсоң, ошондой адамдарды жолуктура бересиң дегенге кошулам. Мен бул жакта эки жарым жылдан бери жүрөм, бир дагы улутчул, жаман оюу бар адамдарды жолуктура элекмин. Баары эле жардамга чуркаган, кичипейил, студент экенсиң деп чөнтөгүңө бир-эки тыйын сала койгон адамдар болду. Мындай сапаттагы кишилер мени дайыма таасирлентет.

- Чет өлкөдө окуп, иштеп жүргөн адамдарда мекенге деген сагынуу болбой койбойт, сенде кандай болуп жатат?

- Ооба, сагынуу болот. Бирок азыр баары оңой болгондуктан уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп, сагынычыбызды жаябыз. Жайкы эс алууда Кыргызстанга барып турам.

- Окууңду бүткөндө Кыргызстанга кайтып келүү оюң барбы же дагы башка чет өлкөдө окуумду улантсам дейсиңби?

- Окууну аяктагандан кийин башка мамлекетте магистратурага окууну пландап жатам. Такшалып, тажрыйба топтогондон кийин өз өлкөмдө иштөө планымда бар.

- Азаматсың! Маек үчүн сага ыраазычылык, окууңду ийгиликтүү бүтүрүп ал!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан