Бишкек шаарынын мэриясында Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү.
Калаа мэриясынан кабарлагандай, жыйын мэр Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
"Парктын аймагындагы объекттерди демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландаштырылган. Ведомстволор аралык кеңешменин жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылууну, Ататүрк паркынын аймагын Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы №225 токтому менен бекитилген чек аралардагы парктын жер участокторун кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салак, 12-апрелде калаа башчысы Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылы бекитилген 107 гектар Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер парктын аймагына кайтарылышы керек.