Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 4 кабаттуу турак үй салына баштады

Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Баткен облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин өздүк курамына 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев, Баткен ОИИБинин башчысы Улан Жукенов, райондогу жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары жана Лейлек РИИБинин өздүк курамы катышты.

"Буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үй болгон эмес. Курулушту Кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан