Кыргызстандык кинорежиссёр Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" тасмасы Франциянын Ницца шаарындагы эл аралык кинофестивалда "Мыкты толук метраждуу көркөм тасма” сыйлыгын алды. Бул тууралуу режиссёр Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Аталган тасма буга чейин АКШдагы "Гавайи" эл аралык кинофестивалында "Мыкты режиссёрдук дебют", ал эми Париж эл аралык аялдар кинофестивалында “Мыкты толук метраждуу тасма” номинациясын жеңип алган.
"Жылкычы чымчык" - тоолуктардын тазалыгы, карапайым кишилердин улуулугу тууралуу тартылып, ошону менен катар кайдыгерлик, адам пейилинин, экологиянын бузулушу, бала сатуу сыяктуу курч көйгөйлөрдү чагылдырган.
Тасманын сценарийин Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев, белгилүү кинорежиссёрлор Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева биргелешип жазган. Ал эми эл артисттери Жамиля Сыдыкбаева, Чоро Думанаев жана башка белгилүү актёрлор роль жараткан.