Лондондо Кыргызстан-Пакистан билим берүү министрлери жолугушту

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Пакистандын федералдык жана кесиптик билим берүү министри Халид Сиддики менен жолугушту.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, тараптар кечээ, 20-майда Лондондо Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна барган учурда жолугушкан.

"Анда министр Кендирбаева 18-майда Бишкекте чет элдик студенттер, анын ичинде Пакистандын жарандары катышкан окуя тууралуу маалымат берди. Министр учурда студенттердин коопсуздугу толук камсыздалып, кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Министр Халид Сиддики бул жолугушуу тууралуу Пакистандын премьер-министрине маалымат берерин айтты. Министр бул окуя Пакистандын жарандарынын билим алуусуна таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп, өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Министр Догдуркүл Кендирбаева кесиптешин Кыргызстанга келип, пакистандык студенттердин окуу жана жашоо шарттарын көрүүгө, кызматташтыктын багыттарын талкуулоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан