Милиция Бишкектеги окуя боюнча дагы эки жигитти кармады

Бишкек шаарындагы чет элдик студенттерге кол салуу фактысы боюнча дагы эки шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

"18-май күнү түнкү саат 01:00 чамасында аталган даректе жайгашкан жатаканага мыйзамсыз кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирилген. Ошондой эле алардын мүлкүн жок кылуу менен материалдык дагы зыян келтиришкен. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары 2003-жылы туулган А.Т. жана 1999-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан аталган фактыларга тиешеси бар адамдардын жүргөн жерин аныктап, аларды кармоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан