Бүгүн, 22-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев чет өлкөгө кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан үч кыздын экөө табылганын билдирди.
Эл өкүлү Москвада иштеп жүрүп,17-апрелде белгисиз жагдайда Арменияга өтүп кеткен боюнча кат-кабарсыз кеткен аравандык кыздар табылганын айтты.
"Өткөндө Араван районунан Москвага кеткен эки кыз тууралуу айттым эле. Кечинде мага апасы чалды. Биздин Тышкы иштер министрлигине, Орусиядагы Элчиликке, Башкы консулдукка ыраазычылык билдирем. Алар кыздар менен байланышып, апасы менен сүйлөштүрүптүр. Баары жайында экен. Апасы да аябай ыраазы болду", - деди Нурбаев.
Бирок ал былтыр 6-августта белгисиз себептер менен "Достук" өткөрүү жайы аркылуу Өзбекстандын аймагына өтүп, андан ары Азербайжанга кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан Кара-Суу районунун тургуну тууралуу кеп козгогон жок.
Эске салсак, парламенттин 16-майдагы жыйынында депутат Нурбаев кыргызстандык бир кыз Азербайжанга, дагы эки кыз Арменияга кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, тиешелүү органдарга маселени көзөмөлгө алууну тапшырган.