Депутат Малиев абакта жаткандарды жумуш менен камсыздоо маселесин көтөрдү

Бүгүн, 22-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев абакта жазасын өтөп жаткандарды жумуш менен камсыздоо маселесин көтөрдү.

Ал Акыйкатчы институту бул боюнча өкмөт менен бирге иш алып барышы керектигин айтты.

"Жумуш берүү укугун көтөрдүңөрбү? Бул маселе боюнча өкмөт менен чогуу иштешип, абакта жаткандарга жумуш берүүнү караштырыш керек. Мында, биринчиден, экономикага чоң салым болот эле. Экинчиден, кийин боштондукка чыкканда чөнтөгүндө акчасы болуп, жаңы турмуш куруугабы, же үй-бүлөсүнө келип жардам береби, айтор, бул маселе абдан курч болуп турат", - деди Малиев.

Ага Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Сыдыков көтөрүлүп жаткан маселе маанилүү экенин белгилеп, учурда жумуш менен камсыз кылуу иштери каралып жатканын айтты.

"Азыркы учурда Жазаларды аткаруу кызматында ар кандай багыттагы 56 өндүрүштүк аймак бар. Ал жерлерде эмгекке жарамдуу соттолгондордун 25 пайызы жумуш менен камсыздалган. Албетте, бул аябай аздык кылат. Бирок бул багытта биз дагы иштеп жатабыз. Жакында 16-мекемеде оңдоп-түзөө иштери башталат. Ошол жерде дагы кошумча 5 өндүрүштүк аймак ачабыз. 10-мекемеде дагы ачууну пландап жатабыз. Өндүрүштүк аймак дегенибиз мисалы, кийим тигүүчү, жыгач иштетүүчү, эмерек жасоочу цехтер", - деди ал.

Депутат Малиев соттолгондорду көзөмөл аркылуу абактан тышкаркы дагы жумуштарга тартууну ишке ашырыш керектигин айтып, акыйкатчы Жамиля Жаманбаевадан бул маселени күн тартибине киргизүүнү суранды.

Жогорку Кеңеш 22.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан