![](https://www.super.kg/upload/janylyk/2024/05/359438947.jpg)
Эртең, 23-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын дубанында +20...+25,
Чүй менен Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23,
Талас жергесинде +17...+22,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28,
Бишкекте +20...+22 градус болот.