"Тышкы душманга алданбайлы". Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров уран темасына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Аны басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Мамлекет башчысы сөзүндө, өзүн "Орто Азия боюнча эксперт" санаган Анастасия Ахметова аттуу чет өлкөлүк жаран сыртта отуруп алып кыргызстандыктарга акыл үйрөтүп, чындыкка дал келбеген маалыматтары менен элди козутуп, ортого чагым салуу аракетин көрүп жатканын белгиледи.

"Бул блогер айым өз видеосунда "Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин үй-бүлөсү аралашууда, анын натыйжасында кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабыз" деген сыяктуу жалган маалыматты токуп чыгыптыр. Бизге, биздин Ысык-Көлүбүзгө күйгөн болуп сүйлөгөнү менен, анын асыл максаты элибизди козутуу менен ортого бүлүк салуу экени жакшылап талдоо жасаган адамга таасын, даана эле көрүнүп турат:

Урматтуу мекендештер, акыркы жылдары мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүп, ар тармакта позитивдүү өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп, экономикабыздын өсүп жатышы баарына эле жага бербеси белгилүү. Өлкөбүз алсырап, мекенибизде дестабилизация болушун каалаган сырткы күчтөр толтура. Ошондуктан сырткы душмандардын, биздин ички иштерибизди өздөрүнүн ыңгайына жараша талдамыш болгондордун жетегине кирип, сөздөрүнө ишенип кетпеңиздер дейт элем.

Жогорудагы блогер айымга дагы, башкаларына дагы айтып кетейин. Сөз болгон кенде урандын үлүшү болгону 0,17 гана пайыз. Ал жакта негизги кен бул титаномагнетит. Титаномагнетитти алып кетсек уран да тазаланып калат. Тескерисинче, курамы аз болсо өмүр бою да урандан тазаланып алабыз. Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз, Анастасия айым. Ысык-Көлгө биз, кыргыздар, өзүбүз күйөбүз, өзүбүз сактап алабыз", - деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы талапка ылайык ал жерде рекультивациялоо иштери жүрөрүн, кендин өзүндө да, өлкөбүздүн аймагында дагы эч кандай уранды байытуу иштери жүргүзүлбөй турганын кайталады.

"Урматтуу кыргызстандыктар, негизи эле биздин экономикабызга пайдасы гана тие турган ири долбоорлор башталарда кайдан-жайдан тышкы күчтөр жанданып башташат. Эсиңиздерде болсо, дал ушундай элди дүрбөтүү аракеттери 2019-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна логистикалык борбор салынарда да орун алып, тилекке каршы, бул максатты көздөгөн душмандардын тилеги ийгиликтүү аяктаган. Анда инвесторлор 280 миллион доллар салып, ири логистикалык борбор курууну пландаган эле. Аны курууга эле 15 миңдик жумуш орду түзүлөрү, борбор иштей баштаары менен экономикабызга миллиарддаган акчалар агылары болжонгон.

Бирок азыркы сиздер көргөн Анастасия сыяктуу тышкы күчтөрдүн эксперттери элди коркуткан жалган маалыматтарды таратып жатып жергиликтүү тургундарды ишендирип тынышкан. Натыйжада жергиликтүү эл улам-улам каршылык көрсөтүп, акыры инвестор логистикалык борбор куруу идеясынан айнып, кетип калганын жакшы билесиздер. Андан көп өтпөй ошол эле каршы чыгып жүргөндөр “каап, ошондо бекер эле каршы болуптурбуз” деп өкүнгөнүн да билесиздер. Азыр эми "чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот" болуп отурабыз.

Ошондуктан, урматтуу мекендештерим, сиздерге ак-караны, дос-душманды ажырата билиңиздер, азыркы оомал-төкмөл дүйнөдө интернетке чыккан ар кандай маалыматтарды тыкыр талдап, анан кабыл алыңыздар деп кайрылып отурам. Тышкы душмандын айткан сөзүнө ишенбейли, алданбайлы. Биз, баарыбыз, өлкөбүздүн ички иштерине башкалардын аралашуусуна жол бербейли", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан