Акылбек Жапаров Сколково илим жана технология институтунун вице-президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сколково илим жана технология институтунун (Сколтех) коммуникациялар жана коомчулукту өнүктүрүү боюнча вице-президенти Алексей Ситников менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим системасынын чакырыктарына жана муктаждыктарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берген инновациялык башкаруу практикасын жана моделдерин киргизүү маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле ата мекендик ЖОЖдорду өнүктүрүү үчүн кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү алдыңкы компетенцияларды жана технологияларды өнүктүрүү борборун уюштуруу маселесин карашты.

Жыйынтыгында биргелешкен долбоорлор боюнча, анын ичинде жаңы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруунун алкагында кызматташууну арттыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан