Ырчы жана активист Аскат Жетигендин соту башталды

Бүгүн, 22-майда ырчы, акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда башталды.

Шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиргендей, бүгүн ага айыптоо актысы окулуп, ишти кароонун тартиби бекитилди. Кийинки сот жараяны 23-май саат 15:00гө белгиленди.

Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталууда.

Ага чейин акын 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан