Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, М.З.Ж. аттуу жаран өзүнүн шериктери менен 8 даана автоунаага жасалма документтерди колдонуп, Кыргызстандын аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан.

"Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда кармалган М.З.З. аттуу жаран Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан