Кыргызстанда мындан ары педофилдер жаш курагына жана оорусуна карабай өмүр бою эркинен ажырайт

Бүгүн, 23-майда президент Садыр Жапаров “Айрым мыйзам актыларга (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш куракка жеткен, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектерге өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн.

"Сот жазаны өтөөгө тоскоол болгон катуу оорунун бар экендигине карабастан баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамга жаза дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарары каралган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам 11-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан