Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Баарлашууда маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да айтылып, бул жааттагы иш-чаралар эки элдин достугун бекемдөөгө көмөкчү болору белгиленди.