Чүйдө мурунку жубайы менен өгөй уулун ур-токмокко алып келген жаран кармалды

Аламүдүн районунда кызганычтын айынан мурунку аялына жана өгөй уулуна физикалык жактан зомбулук көрсөтүп келген киши кармалды. Бул тууралуу кечээ, 23-майда Чүй облустук ИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 37 жаштагы аял киши райондук милицияга арыз менен кайрылган.

“Эркек киши кызганычтан улам, алкоголдук ичимдигин ичип алып систематикалык түрдө аялга жана 2010-жылы туулган өгөй баласына зомбулук көрсөтүп, ур-тепкиге алып келген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча “Уруп-сабап, кыйноо” беренеси менен кылымыш иши козголгон. Анын негизинде 1991-жылы туулган жаран кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан