Баткенде Өзбекстандан аткезчилик жол менен келген товарлар кармалды

Баткенге аткезчилик жол менен Өзбекстандан ташылып келген товарлар аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар Кадамжай районунан өзбек жараны Х.М.нын башкаруусундагы DAMAS үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Унааны текшерүүдө жалпы салмагы 1 тонна 315 килограммды түзгөн суусундуктар табылган. Кармалган товардын эч кандай документтери жок экени жана орточо базар баасы 60 миң 680 сомду түзөрү аныкталган.

Ошондой эле кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа дагы текшерүүгө алынып, эч кандай документтери жок 240 килограмм болгон күн карама даны жана 348 килограмм салмактагы кондитердик азыктар табылган. Кармалган товардын базар баасы 148 миң 500 сомго бааланган.

"Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан