"Ал бир аптадан бери изделет". Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен кыздын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 25-май күнү Түп районуна караштуу Михайловка дачасындагы Жыргалаң суусунун сол тарабынан 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кичине кыздын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде экинчи кызды издөө максатында ӨКМден 11 куткаруучу, 4 суучул, жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барууда.

Эске салак, 18-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылындагы дачаны бойлоп өткөн Жыргалаң суусуна 6 жаштагы Т.С. жана 7 жаштагы К.М. аттуу эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп жеринде издөө иштери жүрүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан