Балыкчыда жылына 14 миң тонна эт азыктарын өндүрүүчү ишкана ачылды (видео) 

Бүгүн, 25-майда Балыкчы шаарында этти кайра иштетүү боюнча облустагы ири ишкананын ачылышы болду. Иш-чарага Ысык-Көл обулусунда жумушчу сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты.

Президент өз сөзүндө Балыкчы шаарына эт комбинатынын ачылышы чыны менен колдоого аларлык жаңылык экенин белгиледи.

"Себеби биз – агрардык өлкөбүз, элибиздин көпчүлүк бөлүгү дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет деп келгенибиз менен өндүргөн продукцияларыбыз чакан, аларды кайра иштетүүчү заводдордун саны чектелүү болуп, бул тармакты класстердик багытта өндүрүү жетишерлик колго алынбай келген", - деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы бардыгы план менен кетсе, бул долбоор Кыргызстанда вертикалдуу интеграцияланган эт кластерин түзүү боюнча тармактык программанын ишке ашуусунун алгачкы кадамы болорун айтты.

“Биз аймактар өнүксө, өлкөбүз күчтөнөт деген принцип менен иш алыпарып жатабыз. Жер-жерлерде өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, мал чарбасы менен алектенгендердин кирешесин арттыруу, жумуш орундарын камсыз кылуу менен эмгек миграциясын төмөндөтүү, жалпылап айтканда аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү иштери жүрүп жатат”, - деди Садыр Жапаров.

Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы фермерлер “Дордой-Балыкчы” эт комбинатын чийки зат менен камсыздайт, деп күтүлүүдө. Бир эсе бул облустардагы мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга чоң түрткү болуп, мал багуунун мааниси артат.

“Бодо мал болобу, кой-эчки болобу, аларды чекене же дүңүнөн сатуудан сырткары, кайра иштетүү менен өзүбүздөн эт өнүмдөрүн өндүрүүгө дагы багыт алабыз. Мында, албетте, өндүргөн продукцияларыбыздын ички рыноктон сырткары, тышка сатуунун көлөмү дагы көбөйөт. Буга жараша өндүрүш ишканасын ачып жаткан ишкерлерибиз эл аралык стандарттарга жооп берген сертификаттарга, ветеринариялык лабораторияга да ээ болушу зарыл. Анткени ошол эле Кытай, Иран, Катар, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтери сыяктуу чет өлкөлөрдүн рынокторуна биздин экологиялык жактан таза эт өнүмдөрүбүздү чыгарып, таанытышыбыз кажет”, - деп Жапаров баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бийлик тарабынан талап кылынган экономиканы көтөрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана экологияны сактоо жаатында бир топ алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканына өзгөчө басым жасады.

Айта кетсек, азык-түлүк коопсуздугун жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык курулган "Дордой Балыкчы" заводу сменасына 100 баш бодо малдын жана 1000 баш майда малдын этин иштете алат. Комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 14 миң тонна продукцияны түзөт. 100дөн ашык адам жумуш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, инвестициянын жалпы суммасы 6 миллион долларды түзөт. Бул сумманын жарымы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Эт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан