Бишкекте дүкөндөн ири өрт чыкты (сүрөт)

25-майдан 26-майга караган түнү Бишкектин Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө саат 02:56дан тарта 3 күжүрмөн эсеп тартылды.

Ага ылайык, өрт саат 04:07 чамасында чектөөгө алынып, саат таңкы 05:06да өчүрүлгөн.

"Тилсиз жоонун кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган дүкөн толугу менен күйгөн.

Такталган маалымат боюнча өрттөн жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан