КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте болгон КМШнын коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отурумунун алкагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган музейде Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылган.
Ага ылайык, КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилерине Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов экскурсия жасап, залкар жазуучунун чыгармалары жазылган китептерди белекке тапшырды.
"Айтматовдун музейинин бай экспозициясы конокторду өзүнүн мазмуну жана көп түрдүүлүгү менен кызыктырды, анткени музейде жазуучунун адабий мурасынын сейрек кездешүүчү үлгүлөрү коюлган", - деп айтылат маалыматта.