"Сен акмаксың. Шамал". Жогорку Кеңеште депутаттар жаңжалдашты (видео)

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин бүгүн, 27-майындагы жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитов жаңжалдашты.

Жаңжал Балбак Түлөбаев эс алуучу жайларды чет элдиктерге сатууга жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштагандан башталды. Документтин максаты – чет элдик инвестицияны тартуу.

Анда депутат Султанбай Айжигитов эс алуу жайларына жер тилкелери да кирерин айтты. Ал эми Балбак Түлөбаевге Министрлер кабинети Ысык-Көл облусуна инвестиция тарта албай жатканын жана кесиптеши ага жардам бергиси келип жатканын айтты. Айжигитов муну менен Түлөбаевди Жер кодексине каршы чыгып жатасыңар деп айыптады.

"Бул жерде жер сатуу боюнча эч кандай сөз жок. Кудай буюрса, Каркырда чоң лыжа базасы курулуп жатат, 10 күндөн кийин Асманды куруп башташат, дагы башка объектилер болот. Чет элдиктерге сатып алууга уруксат берсек жаманбы? Биздин жарандар Түркия, Болгария, Греция жана башка өлкөлөрдөн мүлк сатып алып жатышпайбы. Араб мамлекеттери, Орусия, Казакстан, Өзбекстандын жарандары бизден мүлк сатып алса жаманбы? Аэропорттон баштап Ысык-Көлгө барганга чейин миңдеген доллар таштайт бир эле турист. Бул объектилерди бул жерден эч ким алып кетпейт. Ниетибиз эле ушул, жер сатылбайт. Бул Конституцияда жана Жер кодексинде жазылган. Биз, көлдүктөр дагы башка облустардын тургундарындай укукка ээ болгубуз келип жатат", - деди Балбак Түлөбаев.

Султанбай Айжигитов кеп объекттер курулган жер тилкелери тууралуу болуп жатканын айтты. Ал мыйзам долбоорунда астындагы жер эмес, объектилер сатылат, жер сатылбайт деп так жазылыш керек экенин айтты.

Жыйынтыгында депутаттардын ортосунда пикир келишпестик болуп, жаңжал чыкты. "Аталган мыйзам долбооруна каршы экенимди билдирип, мындан ары бул жыйынга катышпайм", - деп Айжигитов чыгып кетти. Анын бул сөзүнө Түлөбаев "шамал" деп айтып, бири-бирин акмак деп атаганга чейин барышкан.

Жогорку Кеңеште депутаттар жаңжалдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан