Дөкү каймана аты бар Өзгөндөгү Дөөлөт Ормоновго издөө жарыяланды

Дөкү каймана аттуу Өзгөн районунун тургуну Дөөлөт Ормоновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, ал алдоо, коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу менен жеке баюу максатында жер махинацияларына байланыштуу мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндүгү аныкталган.
23-май күнү УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
25-майда Ош шаардык соту Ормоновго карата баш коргоо чарасын сыртынан тандап, ошол эле күнү ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан