Свердлов РИИБине жаңы башчы дайындалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Кечээ, 27-майда аталган кызмат ордуна министрликтин буйругу менен милициянын полковниги Уланбек Аалиев дайындалган.

Буга чейин Свердлов РИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов Бишкекте чет элдиктердин катышуусунда орун алган окуядан улам кызматынан алынган болчу.

"Уланбек Аалиевди кызматка дайындоо жөнүндө буйрук ага теңештирилген кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылды. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган. Жогорку соттун соттук коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн чечимди күчүндө калтырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Алиев Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген. Ал алдамчылыкка айыпталган 6 балалуу Асыл Талипованын иши боюнча кармалып, кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан