Ататүрк паркынын аймагындагы үйдө жашаган бир адам каза болду. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-майдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Бишкек мэриясы жарандарга кысым көрсөтүүнү улантууда.
"Бир адам каза болуп калды. Кан басымы көтөрүлүп, ойлонуп каза болду. Парктын чек арасын тактоо керек, бирок бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, бузуу менен эмес. Акыры токтош керек! Мен өзүм сейил бакты коргогонго даярмын, бирок мурдагы мэрлер, президенттер, депутаттар, прокурорлор, соттор баары уруксат беришкен. Эми азыр аны жокко чыгарууну, бузууну чечишти. Адамгерчилик болуш керек!", - деди Бекешев.