Өлкөдө 5 жылдан көп иштеген бала бакча жетекчилери жумуштан бошотулат

Кыргызстанда беш же андан көп жыл иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, жетекчиликке кадрларды тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт. Бул туурасында кечээ, 28-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусундагы өткөн кезектеги жыйында кабарланганын ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Бул иш-аракеттер жыйында кабыл алынган "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндөгү" токтом күчүнө кирген соң ишке аша тургандыгы кабарланган.

Белгилүү болгондой, аталган жыйында жалпысынан 16 маселе каралган.

Ошондой эле жыйында өсүмдүктөрдүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьёсун даярдоого, жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салуу боюнча мораторий киргизилгени да кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан