"Аккула" ат майданы кайрадан аукционго коюлду

Бишкек шаардык мэриясы борбордогу "Аккула" ат майданын кайрадан аукционго койду. Бул боюнча маалымат муниципалитеттин сайтына жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, биринчи аукцион 16-майда арыздын жоктугуна байланыштуу өтпөй калган.

Мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.

"Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Бишкектин Ш.Термечиков 1 дарегинде жайгашкан ипподромдун жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды, андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан