*212 жыл мурун 24-декабрда Алгачкы буу менен иштөөчү унаа коомчулукка көрсөтүлгөн. Аны англиялык механик-конструктор Ричард Тревитик жасап чыккан.
*Мындан 50 жыл мурун, тактап айтканда, 1963-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал эми 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болуп шайланган. Ошондой эле 2013-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан Нариман Түлеев 11 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратылган.
*Мындан 18 жыл мурун 1995-жылы Кыргызстандагы кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Анда 71,65 пайыз добуш топтоо менен А.Акаев кайра шайланган. Президенттик шайлоого А.Акаев, Ж.Аманбаев, А.Масалиев, М.Шеримкулов, М.Айбалаев, Ю.Тойчубеков, Ө.Текебаев жана Т.Бакир уулу талапкер болушкан. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңжалдуу токтомунун натыйжасында Ж.Аманбаев, М.Айбалаев, Ю.Тойчубеков, Ө.Текебаев, Т.Бакир уулу президенттик шайлоого катышкан эмес.
*2007-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңештин 4-чакырылышы ишин баштаган. Анда Адахан Мадумаров спикер, Игорь Чудинов өкмөт башчы болуп дайындалган.