"Элдик Банк" – Элге жакын банк! "РСК Банк" "Элдик Банк" болуп өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча «РСК Банк» ААКсы расмий түрдө «Элдик Банк» ААКсы болуп аталып калды. Банк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайра каттоо жол-жобосунан өткөрүлдү.

Мында «Элдик Банк» ААКсы «РСК Банк» ААКсынын бардык укуктарынын, активдеринин жана милдеттенмелеринин укуктук мураскери бойдон калат жана, мурдагыдай эле мамлекеттин менчигинде турат – акциялардын 100%ы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине таандык.

«Элдик Банк» финансы тармагында 27-жылдан ашуун убакыттан бери туруктуу жана ишенимдүү иштеп, өзүнүн пайдубалын бекем түзө алды. Банк жеңилдетилген программаларды ишке ашыруу, жашыл каржылоо, акылдуу чечимдерди, финтех инновацияларды жана кардарларга багытталган жаңы стандарттарды ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн бардык аймактарындагы кардарлардын жашоосун жакшыртуу боюнча иштерди улантуу менен, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө татыктуу салым кошо берет.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын аягында банк жарандар үчүн салттуу банктык жана жаңы санарип кызматтарын ыңгайлуу, бат колдонуп кетүү, жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо өз позициясын күчөтүү үчүн эң алдыңкы чечимдерге – заманбап өзгөрүүгө багыт койгондугун жар салган.

- Азыркы учурда сырткы боштукту жаңы статуска ылайык толуктоо убактысы келип жеткени баарыбызга ачык эле байкалууда. Санарип доорунун башталышы жана стратегиялык маанидеги социалдык программаларды ишке ашырууда банктын буга чейинки аталышы анын мүдөөсүн (миссиясын) жана заманбап ролун тиешелүү деңгээлде чагылдырбай калды. Банктын жаңы “Элдик Банк” – деп аталышы биздин иш-аракетибизди толук сыпаттап турат. «Биз чындап эле элдикпиз жана элге барган сайын жакын болуп баратабыз», - деп белгилейт «Элдик Банк» ААК башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев.

Банкты жаңыча өзгөртүп атоого байланыштуу иштер ырааты менен жүргүзүлө бере тургандыгын кошумчалай кетүү зарыл.

Маалымат үчүн: «Элдик Банк» ААКсы 1996-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы эң ири банктардын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө банктын уставдык капиталы 11 401 483 500 сомду түзөт. Бул финансылык мекеме - өзүнүн филиалдык тармагынын өлчөмү боюнча сап башында турат жана банктык кызматтарды кеңири алкакта көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан