Бишкекте алдамчылыкка шектелип 3 жигит кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 19-20 жаштагы 3 жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-май күнү милицияга М.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, март айында андан 3 жаран "бөлүп төлөө жолу менен сатып алабыз" деп 2015-жылы чыгарылган BMW X-5, 2018-жылы чыгарылган BMW X-5 жана 2023-жылы чыгарылган Lexus RX 450 үлгүсүндөгү кымбат баалуу унааларын алышкан. Бирок алар унааларды үчүнчү жакка сатып, андан түшкөн 138 миң долларды жеке муктаждыктарына жумшап салышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган Д.К, 2005-жылы туулган М.Ш. жана 2004-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталууда. Ал эми шектүүлөр тараптан келтирилген зыян 103 миллион сомдон ашык сумманы түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан