УКМК казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге издөө жарыялады

УКМК Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланышы бар деген шек менен казакстандык ишкер, «Вертекс Голд» компаниясынын ээси Жуманбаев Владимир Викторовичке издөө жарыялады.

Атайын кызмат тактагандай, "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген, «мыйзамдагы ууру» Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин казакстандык бизнесмен Владимир Жуманбаев тарабынан каржылоо фактылары аныкталган.

"Жуманбаев Камчыбек Асанбектин мыйзамсыз иш-аракеттерин билип туруп, Кыргызстан аймагында колдоо алуу максатында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн "мыйзамдагы ууру" Камчыбек Асанбек менен байланыш түзгөн.

Тагыраагы, Жуманбаев өлкө аймагында алтын казып алуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу менен алектенген "В.Г.К" ЖЧК компаниясынын ээси болуп, 2021-2023-жылдар аралыгында алтын казуучу компаниянын жооптуу кызматкерлери анын көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо катары Камчыбек Асанбекке ай сайын 1 миллион сомдон которуп турушкан.

Ошол эле учурда Жуманбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында Камчыбек Асанбек менен бир нече жолу эс алуу жана жолугушууларды өткөрүп, ал жерге жеке учактары менен келген", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «В.Г.К.» ЖЧКсы тарабынан кирешелердин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруу максатында Кыргыздын мамлекеттик органдарына алтын кендерин казып алуу жөнүндө жалган отчёттук маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталды. Мындай аракеттен улам республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Чогултулган материалдардын негизинде Жуманбаевге карата Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана Интерпол улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан