Кара-Сууда алдамчылыкка шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, май айында милицияга Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал Куту аттуу жаран 2022-жылдын жай айында Сарай айыл аймагынан жер тилкелерин алып берем деген убадасы менен 1 миллин 440 миң сомун алып, изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Кара-Суу районунун 1970-жылы туулган М.К. аттуу тургуну кармалган.

"Шектүү делген М.К. ИИМдин атайын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан