Бишкек шаарынын мэриясында шайлоо боюнча штаб өткөндүгүн кечээ, 5-июнда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолугушууда 30-июнга белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышты.
Жыйында Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан кийин маалымат кампаниясы баштала тургандыгын кошумчалап, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге референдумду жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө катышууга тыюу салынарын эскертти.