"Тартипке салбаса болбой калды". Өмүрзаков лабораторияларга көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков медициналык анализдердин бирдиктүү базасын түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, жарандар мамлекеттик жана жеке менчик лабораторияларга кайрылып, айрым мекемелерде анализдердин жыйынтыгын тааныбай, бул текшерүүлөрдөн кайра өтүүгө мажбур болушууда.

"Жарандардын бир жерден тапшырган анализдеринин жыйынтыгы экинчи жер менен шайкеш келбей калып жатат. Бейтап кайра барып анализ тапшырат. Ага убакыт, акча кетет. Жаны кейип жатат дегендей. Карапайым калкка каражат жагы да маселе жаратат. Ушуларды Саламаттыкты сактоо министрлиги тыкыр көзөмөлгө алып, тартипке салбаса болбой калды", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 06.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан