Садыр Жапаров Индиянын премьер-министрине куттуктоо жолдоду

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге өлкөдө өткөн жалпы парламенттик шайлоодо анын альянсынын жеңиши менен куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы парламенттик шайлоодогу Улуттук демократиялык альянстын жеңиши менен чын дилимден куттуктайм.

Бул жетишкендик сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, Индия элинин сизге болгон ишениминин жана сиздин жетекчилигиңиз менен Индиянын дүйнөдөгү ээлеген ордунун жогорулашынын далили. Ошону менен бирге биздин өлкөлөрүбүз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдүү диалогду, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну тереңдетүүгө жетишти", - деп айтылат куттуктоо билдирүүсүндө.

Ага ылайык, президент Садыр Жапаров Нарендра Модиге чың ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Индия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан