Акылбек Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти, доктор Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров анда Ислам өнүктүрүү банкына Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Мухаммед Аль-Жассер өз кезегинде жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө шыктануусун билдирип, артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ислам принциптери боюнча банк түзүүнүн келечегин, ИӨБнын Социалдык контракт долбоорун ишке ашырууга катышуусун, бөтөлкөдөгү сууну жана айыл чарба продукциясын экспорттоого көмөктөшүү маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан