Президент башкы прокурордун жаңы биринчи орун басарын дайындады

Баймурза Маатов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Маатов Баймурза Турдахунович башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында эле башкы прокурордун биринчи орун басары Улукбек Султанов кызматынан бошотулганы кабарланган.

Белгилей кетсек, 5-июнда башкы прокурор болуп Максат Асаналиев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан